Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи фазасынын курулушун баштоо пландалууда

25.01.2022, 17:01 Акчабар
Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи фазасынын курулушун баштоо пландалууда

Энергетиктер өткөндөн сабак алып, кыска убакыттын ичинде электр энергиясын калыбына келтире алышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, кыска убакытта элге электр энергиясын жеткирип, өлкө абалдан чыга алды.

“Борбор Азия Энергошакекчеден чыгып, өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүктөрүбүз менен электр энергиябызды пайдаланып баштадык”,- деди Жапаров.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин төрагасы быйыл Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи фазасынын курулушун баштоо пландалып жатканын айтты.

“Курулушка инфраструктураны даярдоо үчүн 18,8 млн доллар талап кылынат. Жалпысынан биринчи генераторду ишке киргизүү үчүн 486 млн доллар талап кылынат, ал үчүн 3 жылга жакын убакыт керектелет”, - деп кошумчалады министрлер кабинетинин төрагасы.

Айта кетсек, 25-январда түшкө маал Кыргызстандын аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн кабарлап, Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире турганын билдирген. Учурда Кыргызстандын 60 пайызына электр энергиясы берилди.

 

Тэги: Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азия Энергошакекче

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу