Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу расмий башталды

08.06.2022, 11:00 Акчабар
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу расмий башталды

Бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берилди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, башкаруу пультундагы кнопканы басып, андан кийин масштабдуу курулуштун башталышын билдирген жарылуу болду.

Учурда инфраструктуранын даярдалган бөлүгү бар (базалар, жолдор, карьерлер), 500 кВ “Датка-Кемин” аба электр чубалгысы жакын жайгашкандыктан, Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын бөлүштүрүү схемасы боюнча эң аз чыгымга ээ болот, республиканын калкын кыш мезгилинде энергия менен камсыздоо маселелери чечилет, келечекте өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн өсүшү канааттандырылат жана CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук потенциал камсыз кылынат.

“Камбар-Ата ГЭС-1 куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, көп жылдык энергия иштеп чыгуусу  5,6 млрд кВт/саатты түзгөн, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³  суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт. Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү - туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл, - деп айтылат мамлекет башчынын басма сөз кызматынын маалыматында.

Тэги: камбар ата 1 энергетика Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу