Орусиялык ишкер, “Капитал Групп” компаниясынын ээси Павел Те Камчы Көлбаевди каржылаган деген шек менен издөөгө алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөө учурунда Павел Те Кыргызстандын аймагында колдоо алуу жана биргелешкен ишкерлик кылуу максатында кылмышкерлердин өкүлдөрү, атап айтканда мыйзамдагы ууру делген Камчы Көлбаев жана Кыргызстандын аймагында издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой менен байланыш түзгөндүгү белгилүү болгон.
Ошондой эле, Те Көлбаевдин кылмыш чөйрөсүнөн экенин билип туруп, Кыргызстандын аймагында анын кыймылсыз мүлкүн курууга акчалай жардам көрсөткөн.
Павел Теге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, сот органынын чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө жарыяланган.
Учурда ишкерди эл аралык, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө издөөгө салуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.