2023-жылы Кыргызстандын финансы секторунда 16 камсыздандыруу компаниясы ишмердүүлүк жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын кирешелери 2022-жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге өстү жана 3,8 млрд сомду түздү. Мында кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 80%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.
“2023-жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 419 млн сомго жакын өлчөмдө сальдолоштурулган пайда алынды, бул 2022-жылга караганда дээрлик 11%га көп”, - деп айтылат маалыматта.
2023-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 515 миңден ашык камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2022-жылга салыштырганда 1,6 эсеге көп. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 88%дан ашыгы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди.
“Келишимдердин эң көп үлүшү (64,5%ы) ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдер”, - деп белгиленет маалыматта.