Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлөт

17.04.2024, 16:37 Акчабар
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Мыйзам долбоору камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөтүүнү карайт, мында: 

  • 2,25% - иш берүүчү тарабынан төлөнөт;
  • 10% - кызматкер тарабынан төлөнөт.

Бирок, мыйзам долбооруна ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери: 

  • мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар; 
  • мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштетүүчү жана мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен казып алуу ишканалары,
  • электр, жылуулук жана газ менен камсыз кылуу (камсыздоо) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга кыскарбайт. 
  • КРнын мыйзамдарына ылайык бул ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар мунайзаттарын өндүрүү жана кайра иштетүүчү субъекттерди кошпогондо, алкоголду, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү жана импорттоо боюнча ишкердиктин субъекттери; 
  • КРда лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндө (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунай жана жаратылыш газын кайра иштетүү);
  • уюлдук байланыш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер;
  • Интернет провайдерлери;
  • коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер үчүн кыскарбайт.

Тэги: камсыздандыруу тариф

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу