Канатбек Исаев: «Кыска мөөнөттө Кыргызстанды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар»

28.09.2020, 18:00 Акчабар
Канатбек Исаев: «Кыска мөөнөттө Кыргызстанды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар»

Инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүү менен кыска мөөнөттө Кыргызстанды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда айтты.

 

«Инвесторлор кандай шартта келерин биз жакшы билебиз. Анткени бардыгы баштан өткөн. Алар өлкөгө келип завод, фабриканы иштетип жатканда кандай тоскоолдуктарга туш болгонун барыбыз көрдүк. Ошондуктан инвесторлорго, өлкөбүзгө жана жергиликтүү элге да натыйжалуу болгон мыйзамдарды жазалы деп жатабыз. Бул үчүн бизде тажырыйба жетиштүү. Азыркы учурда Кыргызстанда Германия, Англия, жана башка өнүккөн өлкөлөрдөн келген бир да инвесторлор жок», – деди партия лидери.


Жолугушуу учурунда шайлоочулар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана элдин жашоо-турмушун жакшыртуу маселелерине байланыштуу бир катар суроолорду узатышты.

Партия лидери шайлоочулардын суроолоруна, партиянын басып өткөн жолу жана программасына таянуу менен жооп берди. Жолугушуунун соңунда айыл эли “Кыргызстан” партиясын колдой тургандыгын айтышып, ак батасын беришти.

 

 

 

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020)
 

 

Тэги: Канатбек Исаев Чүй облусу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу