Канатбек Исаев: Жеңил өнөр жай – өлкөбүздүн экономикасынын флагманы

25.09.2020, 15:50 Акчабар
Канатбек Исаев: Жеңил өнөр жай – өлкөбүздүн экономикасынын флагманы

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев, Асель Атабекова жана Дамира Дөлөталиева Кыргызстандын экономикасын негизги түркүгү болгон жеңил өнөр жай тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө партиянын лидери Кыргызстандын жеңил өнөр жайы, андагы көйгөйлөрдү чечүү жана бул тармакты өркүндөтүүнүн жолдору партиянын «Эл үчүн» программасында камтылганын баса белгиледи.

Партия лидери Канатбек Исаев белгилегендей, жеңил өнөр жай тармагында көп жылдардан бери эмгектенип, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп, кыргыз кийимдеринин дүйнө жүзүнө таанылышына себепчи болгон айымдар көп.

«Мындай адамдардын бири Асель айым «Кыргызстан» партиясынын курамында экендиги мени кубандырат. Мындай ийгиликтүү талапкерлер менен биргеликте мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө «Кыргызстанда» баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби ийгиликтүү адамдар гана ийгиликтүү мамлекетти кура алат», – деди партия лидери.

«Кыргызстан» партиясынын башкы максаттарынын бири – өлкөгө өнөр-жай ишканаларын куруу үчүн чет өлкөлөрдөн инвесторлорду тартып келип, 100 миңдеген жумуш орундарын түзүп, сыртта иштеп жүргөн мекендештерди өлкөгө кайтарып келүү жана миграциянын агымын токтотуу.

Андыктан 4-октябрь күнү шайлоо участогуна келип, өзүңүздүн добушуңузду татыктуу партияга бериңиз!

Ийгиликтүү Кыргызстанды, ийгиликтүү адамдар менен куралы!

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020)

Тэги: экономика жеңил өнөр жайы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу