Мэрия ишке ашырып жаткан мамлекеттик социалдык долбоордун алкагында Кара-Балта шаарында IT-мектеп ачылды. Бул тууралуу "Киртаг" маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, “GEEKS” билим берүү борборунун базасында балдар үчүн (жетим балдар, мигранттар, майып балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр) “Балдар үчүн программалоо” курстары ачылды.
“Интеграция жана балдарды социалдаштыруу, эркин өнүгүү аймагы” багыты боюнча 400 миң сомдук мамлекеттик социалдык сынактын долбоорун Кызыл жарым ай коомунун Чүй облустук бөлүмү жеңип алды.