Ош облустук прокуратурасы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 7 млн сомдук 0,50 га жер тилкесин мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Атап айтканда, 2014-жылы Ош облусунун район аралык сотунун чечими менен Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы 0,50 га жер тилкеси А.А. аттуу жарандын менчиги деп таанылган.
Аталган соттун чечимине Ош областтык прокуратурасы тарабынан апелляциялык сунуш келтирилип, анын кароосунун жыйынтыгында Ош облустук сотунун чечими менен жогорудагы район аралык соттун чечими жокко чыгарылган.
"Облустук прокуратуранын прокурордук актысынын негизинде 7 млн 31 миң сомго бааланган 0,50 га жер тилкеси Жоош айыл өкмөтүнүн балансына алынды", - деп айтылат маалыматта.