Карантин учурунда мугалимдердин айлык акысы мурдакыдай эле төлөнөт

31.03.2020, 16:30 Акчабар
Карантин учурунда мугалимдердин айлык акысы мурдакыдай эле төлөнөт

Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мугалимдердин айлык акысы тууралуу сөз кылды.

Анын айтымында, карантин учурунда мугалимдердин айлык акысы адаттагыдай эле төлөнөт. «Коронавирус илдетинен улам мектеп окуучулардын сабактары онлайн режиминде телеканалдардан көрсөтүлөт. Башталгыч класстар үчүн электрондук материалдарды Ibilim порталынан тапса болот, ал эми 5-11-класстарга арналган материалдар «Билим булагы» порталына жүктөлдү», - дейт Жусупбекова.

Министрдин орун басары белгилегендей, 5-9-класстардын окуучулары үчүн «Илим-Билим» ЭлТР, «Пирамида» жана «5-канал» телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт.

31-мартка карата Кыргызстанда 107 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Тэги: мугалим Карантин айлык акы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу