Карантин учурунда матрезервдер фондунан 8 миң 200 тонна ун таратылган

21.08.2020, 15:15 Акчабар
Карантин учурунда матрезервдер фондунан 8 миң 200 тонна ун таратылган

 Материалдык резервдер фонду тарабынан карантин учурунда 8 миң 200 тонна ун таратылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдирди.

 

Ал билдиргендей, февраль айында өкмөттүн жашыруун буйругу чыгып, ага ылайык резервдер фондунан 20 миң тонна буудайды брондон чыгаруу тапшырылган.

«Буйрук чыккандан кийин биз өзүбүздүн жоопту сактоочу ишканаларга буудайды ун кылып чыгаруу тапшырмасын бергенбиз. Февраль айынын ичинде 2,5 миң тонна буудай жергиликтүү бийликтин бөлүштүрүүсү боюнча базар баасынан арзан 19,5 сомдон сатылды. Март айында пандемия башталган учурда 28-мартта өкмөттүн буйуругу чыгып, 5 миң тонна ун түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүү тапшырмасы коюлган. Март жана апрель айларында ун коронавирус алгач болуп чыккан жерлерге - Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна жана Ош шаарына, андан кийин башка райондорго жеткирилген», - деди ал.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан жалпы 5 буйрук чгарылып, аларга ылайык Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жалпы 8 миң 200 тонна биринчи сорттогу ун таратылган.

«Баткен облусунда 739 тонна, Бишкек шаарында 1 миң 213 тонна, Ош шаарында 230 тонна, Жалал-Абад облусунда 2 миң 133 тонна, Ысык-Көл облусунда 517 тонна, Нарын облусунда 626 тонна, Ош облусунда 1 миң 542 тонна, Талас облусунда 334 тонна, Чүй облусунда 845 тонна таратылды. Ошондой эле Бишкек шаарында (261 тонна) жана Чүй облусунда (66 тонна) 327 тонна кумшекер таратылды», - деди ал.

Ал билдиргендей, өкмөттүн май айындагы буйругуна ылайык Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал райондоруна 200 тонна ун жеткирилген.

«Ошондой эле Афганистанда жашаган этникалык кыргыздарга 25 тонна ун жеткирилип берилген», - деди ал.

Тэги: Карантин матрезервдер фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу