«Караван Экспо». Кыргыз ишканалары Орусиядан чыгып кеткен маркалардын ордун толтура алат

20.11.2022, 10:05 Акчабар
«Караван Экспо». Кыргыз ишканалары Орусиядан чыгып кеткен маркалардын ордун толтура алат

"Караван Экспо-2022" көргөзмөсү жеңил өнөр жай тармагына багытталган. Көргөзмөнүн негизги максаты- Орусияда эң актуалдуу болгон экспорттук өнүмдүн көлөмүн көбөйтүү. Бул тууралуу “Expo Development” компаниясынын директору Ислам Султанбеков билдирди.

Учурда кийимдер көп сатылган базарлар жигердүү өнүгүүдө. 

“Бул кыргызстандык ишканалардын орусиялык өнөктөштөргө каалагандай көлөмдөгү кийимдерди бере ала тургандыгы менен байланыштуу. Эң аз дегенде 50 миң даана өнүм болушу керек. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы импорт жана экспорттун негизги агымы жеңил өнөр жайга туура келет”, - деди компаниянын өкүлү.

Султанбеков бул тармак азыр жигердүү өнүгүп жатканын айтып, Кыргызстандан тигилген кийимдер сапаттуулугу менен көзгө илине баштаганын белгиледи. 

“Мындан 10 жыл мурункуга салыштырмалуу жеңил өнөр жай тармагы бир топ өнүктү. Өндүрүш бир топ жакшырды. Товарларды өз убагында жеткирүү жакшыртылды. Эгерде мурда жеңил өнөр жай тармагы 500 миңден 20 миңге чейинки гана буйрутманы аткара алса, азыр 50 миң даанадан кем эмес”, - дейт Ислам Султанбеков.

Ошондой эле, ишкер ири кийим бренддери Орусиядан чыгып кеткендигин эске алганда, Кыргызстан Орусияда өз ордун ээлеп, биринчи кезекте өзүн, андан кийин Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кошумчалады.

 

Тэги: новости Кыргызстана Караван экспо Экспо девелопмент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу