Каржылык чалгындоо кызматы: 700 миллион доллар - бул мамлекеттик бюджеттин акчасы эмес

21.01.2020, 17:15 Акчабар
Каржылык чалгындоо кызматы: 700 миллион доллар - бул мамлекеттик бюджеттин акчасы эмес

Түркияда киши колдуу болуп каза болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия өз ишин баштады. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, бүгүн 21-январда  отурумга Улуттук банктын, Бажы кызматынын жана Каржылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү чакырылган. 

Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын»  жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Каржылык чалгындоо кызматынын аткаминерлери 700 миллион доллар - бул мамлекеттик бюджеттин акчасы эмес дешти. Алардын айтымында, ал каражаттар биздин республикадан чыгарылган эмес. Учурда мекеме чыгарылган каражат кимге тиешелүү экенин тактап жатат. 

Белгилей кетсек, Түркияда уйгур тектүү Кытай жараны Айэркен Саймаитини 10-ноябрда кечинде Стамбул шаарындагы отелдин багында атып кетишкен. Ал алган жаракаттарынан ооруканада көз жумган.

 

Тэги: каржылык чалгындоо кызматы 700 млн доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу