Каржы министри Бакетаев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту

26.01.2023, 12:34 Акчабар
Каржы министри Бакетаев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту

Каржы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Самех Нагиб Вахба жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Жолугушууда эки тарап энергетика, климаттын өзгөрүшү, суу менен камсыз кылуу, агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

“Жыйынтыгында тараптар жогоруда аталган маселелерди биргелешип чечүү жана өнүктүрүү боюнча макулдашты”, - деп айтылат маалыматта.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу