Бүгүн Улуттук банк мамлекеттик казына облигацияларынын аукционун өткөрдү. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Аукциондун жыйынтыгы боюнча 7 жылдык мамлекеттик казына милдеттенмелеринин эмиссиясы боюнча кирешелүүлүк 16,3%ды түздү.
Эске сала кетсек, аукциондо 500 млн сом чогултуу пландалган.