Каржы пирамидасын жарнамалаган белгилүүлөр эркинен ажыратылышы мүмкүн

15.03.2023, 14:05 Акчабар
Каржы пирамидасын жарнамалаган белгилүүлөр эркинен ажыратылышы мүмкүн

Бүгүн парламентте каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды жазага тартуу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.  Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйында депутат Дастанбек Жумабеков каржы пирамидасына алданып калгандарга жардам берүү маселесин көтөрдү. Ошондой эле, башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Кыргызстанда каржы пирамидаларына байланыштуу кылмыш иштер жылдан-жылга көбөйүп жатканын баса белгиледи. 

Аталган мыйзам долбоорунда каржы пирамидасын түзгөн алдамчыларды гана эмес, аны жарнамалаган белгилүү адамдарды да жазалоо сунушталууда. Ага ылайык, каржы пирамидасын жарнама кылгандар айып пул төлөө менен бирге үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2022-жылы 1000ден ашык адам каржы пирамидалардан алданган. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 273 миллион сомдон ашкан. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу