Катар Республикасы региондорго оорукана салып берет

04.10.2019, 14:50 Акчабар
Катар Республикасы региондорго оорукана салып берет

Катар кайрымдуулук бирикмеси Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушун каржылоого даяр. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. 

2019 – жылдын 2 – октябрында Саламаттык сактоо министрлигинде  министр Космосбек Чолпонбаев менен Катар мамлекетинин КР элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушууда буга чейинки түзүлгөн келишимге ылайык оорукананын курулуш иштери жана акысыз жасала туруучу операция тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

КР Катар мамлекетинин элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти жакын арада Кызыл-Кыяда курулуш иштери жүрүп жаткан ооркунананы – Катар кайрымдуулук бирикмеси аркылуу салынып жатканын билдирди. 

Андан сырткары, элчи саламаттык сактоо тармагына мындан ары дагы жардам көрсөтүү планы бар экенин кошумчалады. 

«2030 – жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын өркүндөтүү программасы аркылуу жана 2019 – жылы Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деген жараяндын алкагында КР саламаттык сактоо министрлиги региондогу жашоочуларга медициналык жардам көрсөтүү кызматын жакшыртууда. Ошол себептен, биз региондорго оорукана салууга кызыктарбыз. Мындан ары дагы биргелешкен кызматташтык уланаарына жана бардык биргелешкен долбоорлор иш жүзүнө ашаарына ишенебиз», - деп билдирди министр Космосбек Чолпонбаев. 

 

Тэги: Катар строительство больниц регионы Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу