Катар менен Кыргызстан инвестиция тармагындагы маселелерди талкуулашты

08.01.2020, 17:05 Акчабар
Катар менен Кыргызстан инвестиция тармагындагы маселелерди талкуулашты

2020-жылдын 6-январында Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Инвестиция Башкармалыгынын (QIA) Башкы аткаруучу директору Мансур бин Ибрахим Аль-Махмуд мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. 

Катар Инвестиция Башкармалыгы - мамлекеттик инвестициялык институт жана дүйнөлүк ири көз карандысыз байгерчилик фонддордун катарына кирет. Негизги инвестициялары Европа, АКШ жана Азия-Тынч океан регионунун өлкөлөрүндө жүзөгө ашырылат.

Аталган жолугушууда, инвестиция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды. Элчи Ч.Эшимбеков Кыргызстандын инвестициялык потенциалы боюнча маалымат берип, өз ара аракеттенүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды сунуштады. Тараптар келечектүү жана өз ара пайдалуу долбоорлордун үстүнөн иштөө боюнча макулдашышты.

 

Тэги: Катар КР взаимное сотрудничество инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу