Бишкек шаардык №6 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын аймагына 1 миллион долларга кошумча имарат курула турганын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
Анын айтымында, жаңы имарат 3 кабаттуу, 75 керебеттүү имарат болуп, бардык керектүү заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Имараттын негизги бөлүгүн хирургия жана реанимация бөлүмдөрү түзөрү пландалууда.
”Имараттын курулушу Катар мамлекети тарабынан каржыланат. Жалпысынан 1 млн долларга жакын каражат бөлүнүп, тиешелүү документтерге кол коюлду”, - деди ал.
Жаркынбек Касымбеков курулуш иштери башталып, бир жылдын ичинде толук бүтүрүү жоопкерчилиги “Лидер Хаус” компаниясына жүктөлгөнүн белгиледи.