Каттоо кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

26.01.2022, 14:56 Акчабар
Каттоо кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коосуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

25-январда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси “Опузалап пара алуу” боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында, аталган бөлүмдүн адиси кармалган.

Такталгандай, кызматкер КРнын жаранынын паспортун алуу маселеси боюнча оң чечим чыгаруу үчүн кыргыз жаранынан опузалап акча каражатын талап кылганы аныкталды.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу