Казакстандын чиновниктерине башка өлкөдөн банктык эсеп ачууга тыюу салынды

11.12.2020, 10:20 Акчабар
Казакстандын чиновниктерине башка өлкөдөн банктык эсеп ачууга тыюу салынды

Казакстандын мамлекеттик кызматкерлери, парламент депутаттары жана соттор мындан ары чет өлкөлүк банктарга эсеп ачып, акча жана баалуу буюмдарды сактай алышпайт. Тиешелүү мыйзам долбоору эки окууда кабыл алынды. Бул тууралуу «Литер»​ басылмасы билдирди. 

Ошол эле маалда бул тыюу алардын жубайларына, балдарына тиешелүү эмес.

Сенатор Андрей Лукин Казакстан үчүн бул коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн жаңы инструменти экенин, буга байланыштуу биринчи тажырыйба топтоп, андан соң гана мыйзамга чиновниктердин үй-бүлө мүчөлөрүн кошуу зарылдыгын айтты.

Сентябрда каржы министри Ерулан Жамаубаев FATF (Арам акчаны адалдоого каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу) тобунун сунушу менен аткаминерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө чет өлкөдө эсеп ачууга тыюу салуу пландалып жатканын айткан.

Былтыр британ журналисттери Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева менен анын улуу баласы Нурали Алиевдин офшордо катталган компаниялары Лондондун кымбат райондорундагы үйлөргө ээлик кыларын аныктап чыгышкан. Лондондун Жогорку соту далилдер жетишсиз деген тыянак менен мүлктөрдү камакка алуу боюнча ордерди четке каккан. Быйыл августта Лондондо Дарига Назарбаеванын уулу, 29 жаштагы Айсултан көз жумган. Акыркы жылдары ал «Фейсбуктагы» баракчасына үй-бүлөсүнүн ири коррупциялык иштерге катышы бар экенин жазып жүргөн.

Тэги: Казакстан эсеп FATF

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу