Казакстан Кыргызстандан азык-түлүк товарларын көбүрөөк сатып алат

21.03.2024, 12:05 Акчабар
Казакстан Кыргызстандан азык-түлүк товарларын көбүрөөк сатып алат

Казакстанда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргызстандан барган делегация Казакстандын Айыл чарба министрлигинин башчысы Айдарбек Сапаров менен айыл чарба продукцияларын өз ара соодалоону көбөйтүү маселелерин талкуулады.

Казак тарап дан рыногунда мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу “Азык-түлүк корпорациясы” операциялык компаниясынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, Кыргызстанга дан жана ун жеткирүү сунушун киргизди.

Казак тарап дагы бир катар азык-түлүк товарларын импорттоого кызыктар экенин билдирди.

Тэги: Казахстан Страны ОТГ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу