Казакстан Кыргызстанга миң тонна күздүк буудайды жеткирүүгө жардам берет

08.12.2021, 13:04 Акчабар
Казакстан Кыргызстанга миң тонна күздүк буудайды жеткирүүгө жардам берет

Казак тарап Кыргызстанга 1000 тонна күздүк буудайды жеткирүүгө жардам берет. Мындай макулдашууга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилди.

Ошол эле учурда Акылбек Жапаров республиканын 12 миң тонна буудайга болгон муктаждыгы бар экенин айтып, казак тараптан көрсөтүлгөн көлөмдү сатып алууга даяр экенин билдирди.

“Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин астына республиканын калкын азык-түлүктүн 9 түрү менен камсыз кылуу милдетин койду, анын катарына буудай кирет. Биз республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана жакынкы аралыкта керектүү көлөмдөгү буудайды сатып алууга милдеттүүбүз”, - деди минкаб төрагасы.

Тэги: пшеница Казахстан Кыргызстан продовольственная безопасность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу