Казакстан 20 миң жумушчу орунду түзүү үчүн 702,5 млн доллар сарптайт

25.05.2021, 14:40 Акчабар
Казакстан 20 миң жумушчу орунду түзүү үчүн 702,5 млн доллар сарптайт

Казакстан өкмөтү 35,6 миң жумуш ордун түзүүнү көздөп жатат. Алардын 20 миңи туруктуу болорун Эмгек жана калкты социалдык коргоо министри Серик Шапкеновго шилтеме берүү менен "Курсив" порталы жазды. 

Эмгек министрлигинин башчысы өз презентациясында мындай планды ишке ашырууга 702,5 миллион доллар бөлүнөөрүн, анын 468,4 доллары Улуттук банктын облигацияларынан, калган 234,1 миллион доллар мамлекеттик бюджеттен сарпталарын белгиледи.

Мындан тышкары, Эмгек министрлиги Казакстан Республикасында 64 жаңы мектеп, 13 саламаттык сактоо мекеме курууну көздөп жатат.

Казакстан Республикасынын Эмгек министрлиги өзүнүн жол картасын төрт блок боюнча ишке ашырат: калктын жашоо сапатын жакшыртуу, орто жана чакан бизнес үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, агроөнөр жай комплексин жана аймактарда бизнести өнүктүрүү.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу