Казакстан 11-апрелден тарта Кыргызстан менен чек ара бекеттерин ачат

07.04.2022, 09:48 Акчабар
Казакстан 11-апрелден тарта Кыргызстан менен чек ара бекеттерин ачат

Казакстан 11-апрелден тарта Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан менен болгон кургактагы чек арасына коюлган чектөөлөрдү алып салат. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтүнүн расмий сайтында маалымдалды.

Ошондой эле мамлекеттик аба чек араларынан өтүүгө бардык чектөөлөр алынып салынды. Чектөөлөрдү алып салуу казакстандыктарга, жарандыгы жок адамдарга жана чет элдиктерге тиешелүү.

Казакстандын аймагына кирүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин, коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Ошол эле учурда ПЧР тестин колдонуу менен COVID-19 боюнча изилдөөнүн терс натыйжасы бар сертификатты же эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөндүгү тууралуу документти милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы Казакстандын аймагында жашап турууга уруксаты бар жана эмдөө паспортторун өз ара таануу боюнча чет өлкөлүк жарандар үчүн сакталып калат.

 

Тэги: Казахстан границы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу