Казакстанда мунай казуунун көлөмү ОПЕК+ өлкөлөрүнүн келишимине ылайык, суткасына 390 миң баррелге чейин кыскарат. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министрлиги билдирди.
«2020-жылдын экинчи чейрегинде суроо-талаптын күнүнө 81,3 миллион баррелге чейин түшүшү күтүлүүдө. Рыноктун бардык катышуучулары мунай өндүрүүнү кыскартуу керектигин түшүнүштү, анткени бул чара мунай өнөр жайынын өнүгүшүнө оң түрткү берет», — деп билдирди Казакстандын энергетика министри Асет Магауов.
Energyprom.kz порталы билдиргендей, 2020-жылдын январь-апрель айларында Казакстанда 6 млрд 950 млн долларга 26.96 млн тонна мунай өндүрүлгөн. Өсүү бир жыл ичинде 6.4% түзгөн.
Андан сырткары, 2020-жылдын I кварталында Казакстан 18.3 млн баррель чийки мунай жана 8.8 млрд долларга чийки мунай продукту экспорттогон. Өндүрүлгөң мунайдын басымдуу бөлүгү Италияга (2.5 млрд долларга 5.1 млн тонна), Нидерландияга (934.4 млн долларга 2 млн тонна) жана Индияга (770.4 млн долларга 1.54 млн тонна) экспорттолгон. КМШ өлкөлөрүнө 87.4 миң тонна чийки мунай жана чийки мунай продуктулары 38.9 млн долларга экспорттолгон.
трлн долларов США
Объем торгов на фондовых биржах ЕАЭС