“Улуттук банктын Казакстандык банктар аралык эсептешүү борбору” республикалык мамлекеттик ишканасынын төлөм системалары 10-январдан тарта жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкы билдирди.
РМИ төлөм системасын ишке киргизүү каржы секторунун, мамлекеттик бюджеттин теңге төлөмдөрүн жүргүзүүгө, ошондой эле пенсияларды, жөлөкпулдарды жана эмгек акыларды жарандардын эсебине которууга мүмкүндүк берет.
“Бул бүткүл өлкө боюнча калктын жана бизнестин ички эсептешүүлөрүн улуттук валютада үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылат”, - деп түшүндүрдү Улуттук банктан.