Казакстан дүйнөдөгү эң мыкты өлкөлөрдүн катарынан 66 - орунду ээледи

21.01.2020, 16:45 Акчабар
Казакстан дүйнөдөгү эң мыкты өлкөлөрдүн катарынан 66 - орунду ээледи

Казакстан дүйнөдөгү эң мыкты 73 өлкөнүн ичинен 66 - орунду ээледи. Бул тууралуу kursiv.kz порталы амсерикалык U.S. News & World Report маалымат журналынын изилдөөсүнө таянып, жазып чыкты. 

Өткөн жылы Казакстан бул рейтингде 80 өлкөнүн ичинен 60-орунду ээлеген. Бир жыл ичинде республика «ишкерлик, «туризм», «жарандар менен мамиле түзүү», «маданият» жана «тарыхый мурас» критейрийлердин көрсөткүчүн жакшырткан. 

Ал эми Казакстандын «өнүгүү патенциалы» (13 - пункт) жана «жашоо сапаты» (2-пункт) өткөн жылга салыштырмалуу тескерисинче солгундап кеткен. 

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Казакстандын жашоо сапаты Оман, Гана, Азербайжан жана Белорус өлкөлөрүнө жакындап келе жатат. Өнүгүү патенциалы жагынан Казакстан, Колумбия жана Чили өлкөлөрү менен тең тайлашып келе жаткандыгын билдирген. 

Андан сырткары, аталган рейтингдин алгачкы  ондугуна Швейцария, Канада, Япония, Германия, Австралия, Улуу Британия, АКШ, Швеция, Нидерландия жана Норвегия кирген. 

Совет өлкөлөрүнүн ичинен Россия 23 - орунда, Эстония 55, Литва 59, Азербайжан 61, Латвия 62 - орунда турат. Ал эми акыркы орунда Украина (68) жана Белорусия (70) жайгашкан. 


 

 

Тэги: Казахстан рейтинг лучших стран мира

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу