Казакстандыктар бир жыл ичинде банкоматтар аркылуу 14 трлн теңгени ($36 млрд) накталай акчага айландырган. Бул тууралуу Finprom.kz кабарлады.
Банктар cash-in функциясы бар банкоматтарына артыкчылык берүүдө. Аталган көп функциялуу орнотмолордун банкоматтар паркындагы үлүшү бир жыл ичинде 28 пайыздан 40 пайызга чейин көбөйгөн.
2019-жылдын аягында Казакстан Республикасы боюнча 29,8 млн карта кармоочусу эсептелген, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 57 пайызга көбөйгөн. Баардыгы айланууда 32 млн төлөм карталары бар, бул 2018-жылдын декабрб айынын акырына салыштырмалуу 37 пайызга көп; алардын ичинен 18,2 млн карта жигердүү колдонууда. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 59,4 пайызга өскөн.