Казакстан аммиак селитрасын жана аммофосту экспорттоого тыюу салды

01.06.2023, 14:31 Акчабар
Казакстан аммиак селитрасын жана аммофосту экспорттоого тыюу салды

Казакстан алтын айлык мөөнөткө аммиак селитрасын жана аммофосту экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу “КазТаг” маалымат агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, аммофос (ЕАЭБ Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатуралык коду 3105590000) жана аммиак селитрасын (Евразия экономикалык биримдигинин товардык номенклатуралык коду 3102309000) алты айлык мөөнөткө Казакстандын аймагынан автотранспорт менен алып чыгууга тыюу салуу киргизилди. 

Эскерте кетсек, буга чейин казак бийлиги аммиак селитрасын жана аммофосту экспорттоого көзөмөлдү күчөткөн. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу