Казакстанда азык-түлүктүн айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынды

25.03.2020, 14:45 Акчабар
Казакстанда азык-түлүктүн айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынды

Казакстанда 15-апрелге чейин бир катар «социалдык маанидеги» товарларды сыртка чыгарууга тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграциялар министри Бахыт Султанов билдирди.

Анын айтымында, чектөөлөр ун, кум шекер, картошка, гречка, сабиз, кызылча, пияз жана капустага тиешелүү болот.

«Бул чара калкты зарыл товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында көрүлүүдө. Жарандар дүкөнгө кирип, каалаган азык-түлүктү жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүндүгүнө ээ болушу керек», — деди министр.

Ушу тапта Казакстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими күчүндө. Нур-Султан жана Алматы шаарлары карантинге жабылган.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 72ге жетти.

Тэги: Казакстан азык-түлүк экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу