Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 7,5% өстү

19.05.2023, 17:07 Акчабар
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 7,5% өстү

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү жыл ичинде 7,5%га өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун бүгүнкү жолугушуусунда айтылды.

Маалыматка ылайык, былтыр эки тараптуу соода жүгүртүү 7,5%га өсүп, 1,1 млрд. доллардан ашкан.

Жолугушуу Алматыда өтүп жаткан “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” II Экономикалык форумунун алкагында өттү.

Тараптар соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу, айыл чарба, суу-энергетика тармагында кызматташуу жана башка бир катар маселелерди талкуулашты.

“Биз жакын арада өз ара сооданы 2 млрд. долларга жеткирүү боюнча чараларды көрүп жатабыз. Биргелешкен аракеттердин аркасында биз бул максатка жетебиз деп ишенем. Биз өп кырдуу кызматташуубуздун бардык багыттары боюнча активдүү диалогго даярбыз”, - деген Алихан Смаилов.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу