Казакстанда өзгөчө абал учурунда жөлөк пул төлөнүп берилет

24.03.2020, 11:15 Акчабар
Казакстанда өзгөчө абал учурунда жөлөк пул төлөнүп берилет

 Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 23-мартта өзгөчө абалга байланыштуу зыян тартып жаткан казакстандыктарга жөлөк пул төлөнүп берилерин билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 16-мартта киргизилген өзгөчө абал жана Нур-Султан менен Алматынын толугу менен жабылышы 500 миңдей кишинин каржы абалына терс таасирин тийгизүүдө.

«Буга байланыштуу өзгөчө абал учурунда кирешелеринен ажыраган жарандарга бул аралыкта ай сайын бир минималдык айлык акы өлчөмүндө (94 доллар) жөлөк пул чегерүүнү тапшырам», – деген Токаев.

Токвев зарыл болгон учурда сумманы көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Казакстан президенти дүйшөмбүдө чет жактардан, анын ичинен Европалык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдөн (Россия, Беларус, Армения) келген бардык жарандарды карантинге алууну тапшырган. Ал чартердик каттамдар менен келгендер үчүн көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айткан.

Казакстанда коронавирус инфекциясын 62 киши жугузуп алган, алардын бири аппараттын жардамы менен дем алып жатат.

Тэги: Казакстан өзгөчө абал жөлөк пул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу