Казакстанда бензин өндүрүү төмөндөдү. Бул тууралуу “КазТаг” маалымат агенттиги Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар агенттигинин Улуттук статистикалык бюросуна таянып билдирди.
Казакстанда 2023-жылдын февраль айында бензин өндүрүү 379 миң тоннаны түздү, бул былтыркыдан 1,8% аз.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, февраль айында газ майы 389 миң тонна (-2,3%), мазут 289 тонна (+14,9%) өндүрүлгөн.