Өзбекстандагы ар бир төртүнчү турист Кыргызстандын жараны

27.10.2022, 09:51 Акчабар
Өзбекстандагы ар бир төртүнчү турист Кыргызстандын жараны

Өзбекстандагы ар бир төртүнчү турист Кыргызстандын жараны Быйыл тогуз айда Өзбекстанга 3,6 миллион чет элдик турист келген. Бул тууралуу Podrobno.uz өлкөнүн Туризм жана маданий мурастар министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Статистикага ылайык, кыргызстандыктар Өзбекстанга эң көп келген туристтердин үчтүгүнө кирет.

“Эң көп Казакстандан 1 миллион адам, экинчи орунда Кыргызстан менен Тажикстан турат, ар бири 950 миңден”,-деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда санкциялык басымдын айынан көптөгөн орусиялыктар эс алуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүн көбүрөөк тандай башташты. Буга байланыштуу Өзбекстан ноябрь айынан тарта Орусиядан келген туристтердин агымынын көбөйүшүн күтүүдө.

“Быйыл тогуз айда Өзбекстанга Орусиядан 400 миңден ашык турист келген. Ноябрда орусиялыктардын агымы күтүлүүдө. Кышкы мезгилге да көп сандагы алдын-ала буйрутмалар жасалды ", - деп айтылат Туризм министрлигинин маалыматында.

Кошумчалай кетсек, инвестиция жана туризм инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Аброрхуз Муноваровдун айтымында, Түркия, Италия жана Жапониядан келген туристтердин агымы байкаларлык өсүүдө. Жылдын аягына чейин туристтердин жалпы саны 4,5 миллион адамга чейин көбөйөт деген божомолдор бар.

Тэги: новости Кыргызстана туризм Узбекистан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу