Ар бир жетинчи банкомат майыптыгы барлар үчүн жеткиликтүү эмес

04.09.2023, 16:28 Акчабар
Ар бир жетинчи банкомат майыптыгы барлар үчүн жеткиликтүү эмес

Кыргызстандагы каржы институттары финансылык кызматтарды жеткиликтүү кылуу максатында инфраструктурасын кыйла кеңейтти. Жыл ичинде 195 банкомат, 2 миң 613 POS терминал жана 294 төлөм терминалы орнотулган. Ошол эле учурда майыптыгы бар адамдар үчүн банк инфраструктурасынын жеткиликтүүлүгү маселе бойдон сакталууда.

2023-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгында өлкө боюнча жалпысынан 2 миң 146 банкомат, 17 миң 618 POS терминал жана 2 миң 540 төлөм терминалы болгон. Бул аппараттардын көбү, жалпысынан 54,5% Бишкек шаарында орнотулган. Бирок аймактарда жагдай башкача. Мисалы, банкоматтардын таралышы боюнча борбордон кийинки экинчи орунда Ош облусу (347), соода ишканаларындагы POS-терминалдар боюнча экинчи орунда Чүй облусу (1 миң 527), андан кийин Ысык-Көл облусу (1 миң 204) жана Ош (1 миң 105) турат.

Ошол эле учурда Кыргызстанда накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн эң кеңири тараган куралы соода жана тейлөө ишканаларында орнотулган POS-терминалдар болуп саналат.

Банк секторунун инфраструктурасы жыл сайын кеңейип жатканына карабастан, ал бардык жарандар үчүн жеткиликтүү эмес. Тактап айтканда, банкоматтардын дээрлик 15%ы жана төлөм терминалдарынын 36,9%ы пандустар менен жабдылган эмес, ал эми POS терминалдардын 21,36%ында сенсордук терүү клавиатурасы жок.

Тэги: новости Кыргызстана банкоматы платежные терминалы ЛОВЗ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу