Кемин районунда сыр азыктарын чыгаруучу цех ачылды

06.10.2023, 17:25 Акчабар
Кемин районунда сыр азыктарын чыгаруучу цех ачылды

Чүй облусунун Кемин районунда “Ufa” сыр азыктарын чыгаруучу цехтин (United Food Alliance) ачылыш аземи өтүп, анда “Айыл Банк” ААКсы өнөктөш катары иш алып барды.     ⠀ 

“Ufa” цехи биздин банктын лизингчиси. Компания буга чейин сырдын катуу жана жарым катуу түрлөрүн өндүрүү үчүн жабдууларды лизингге алып келген. Учурда “Ufa” жакынкы айылдардын жана конуштардын тургундарынан сүт сатып алууда, ошондой эле 12 адамды жумуш менен камсыз кылууда. Завод кадимкидей ишке киргенден кийин суткалык керектөө 10 тоннаны түзүп, жумушчулардын жумушу көбөйүп, кошумча жумуш орундары түзүлөт.  

Мындай заводдордун ишке кириши жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Атаандаштыкка жөндөмдүү ата мекендик өнүмдү өндүрүү; салыктардан жана башка жыйымдардан бюджеттин кирешелерин көбөйтүү, ошондой эле өлкөнүн өнөр жай жигердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана жогорулатууга көмөктөшөт. ⠀

Айыл Банк - сизге жакын!

Тэги: Айыл Банк Айыл Банк лизинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу