«Кепилдик фонду» Кыргызстан банктар Союзунун катарын толуктады

09.11.2020, 10:45 Акчабар
«Кепилдик фонду» Кыргызстан банктар Союзунун катарын толуктады

ААК «Кепилдик фонду» Кыргызстан банктар Союзунун 28-толук укуктуу мүчөсү катары кирди. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалат. 

 Фонддун башкы максаты — чакан жана орто бизнести насыя жана башка финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат.

«Кепилдик фонду» 2016-жылдан тарта ишмердүүлүгүн баштаган. Фонддун алгачкы капиталы республикалык бюджет тарабынан 72 млн сомго толтурулган. Андан сырткары, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 3 млн доллар кошумча каражат бөлүнгөн. 

Кошумчалай кетсек, азыркы учурда фонддун капиталында 2.1 млрд сом бар.  

Тэги: Кепилдик фонд Кыргызстан банктар Союзу мүчө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу