«Кепилдик фонду» туризм тармагына 1,2 млрд сомдон ашык колдоо көрсөттү

20.09.2023, 11:50 Акчабар
«Кепилдик фонду» туризм тармагына 1,2 млрд сомдон ашык колдоо көрсөттү

"Кепилдик фонду" ААК туризм тармагына 1,2 млрд сомдон ашык кредит алууга колдоо көрсөттү. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, туризм "Кепилдик фондунун" ишмердигинин маанилүү багыттарынын бири бойдон калууда жана бул тармакта иштеген ишкерлер артыкчылык катары кепилдик колдоону пайдаланышат.

"Кепилдик фонду" ААК өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери жыл сайын дүйнөнүн дээрлик бардык булуң-бурчунан келген туристтерди кабыл алган ишкерлерге олуттуу суммадагы кредиттерди алуу үчүн кепилдиктерди берип келет.

Алсак, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай жылдардагы кепилдик колдоонун аркасында ишкерлер өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 3 млн сомдон 325 млн сомго чейин насыя алышкан, 0,9 млн сомдон 88,7 млн сомго чейин кепилдиктер берилген.

Жалпысынан "Кепилдик фонд"ААК өзүнүн ишинин бүткүл мезгилинде 303,5 млн сомдон ашык суммага кепилдиктер боюнча 1,2 млрд сомдон ашык суммада кредиттерди берген.

Тэги: кепилдик насыя туризм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу