Депутат Кербен шаарына стадион салуу сунушун берди

30.01.2020, 16:40 Акчабар
Депутат Кербен шаарына стадион салуу сунушун берди

30-январдагы Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Алмазбек Эргешов, Аксы районунун борбору Кербен шаарында 30 миңден ашуун адам жашаганы менен, спорттук инфраструктура азыркыга чейин жок экендигин белгиледи. Анын айтымында, 2012-жылы долбоордук-сметалык документация даярдалып, 3,5 гектар жер тилкеси бөлүнгөнү менен курулуш иштери башталган эмес.

«Концерттер менен футболдук матчтар жылаңач талаада өтүп жатат, ал жерде сахна дагы, отургучтар да жок», - деди Алмазбек Эргешов.

Андан сырткары, эл өкүлү Кербен менен өзбекстандык Нанай айылы ортосундагы соода жүгүртүүнү жандандыруу үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көзөмөл өткөрүүчү пунктту ачуу керектигин айтты. «Аталган пункт совет учурунан бери жабык, бирок ал ачылса эки өлкөнүн жарандары ортосундагы соода жүргүзүүгө жакшы шарттар түзүлмөк, анткени Кербен шаарында өзбек чек арасынан 2 чакырым алыстыкта жайгашкан чоң базар бар. Ошондой эле базар чек арадагы Нанай айылында дагы бар»-деп жыйынтыктады депутат.

 

Тэги: Кербен шаар Стадион Депутат сунуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу