31-мартта ААК «Керемет Банктын»акционерлеринин кезектеги жылдык жыйыны өтөт. Жыйында банктын финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө банк Башкармалыгы отчет берет.
Андан сырткары, күн тартибинде эсеп комиссиянын курамын, Керемет Банктын 2020-жылга карата финансылык отчетун, анын ичинде жылдык балансты, киреше жана чыгашалар эсебин жана 2021-жылга бюджетти бекитүү турат.