«Керемет Банк» МИК менен кошумча келишим түздү

06.01.2023, 10:00 Акчабар
«Керемет Банк» МИК менен кошумча келишим түздү

Өткөн 2022-жылдын 30-декабрында “Керемет Банк” ААК “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсы менен үлүштүк курулушту каржылоо боюнча мамлекеттик турак-жай программаларын ишке ашыруунун алкагында кызматташууга кол коюшту. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

Кызматташуунун негизги багыты- турак-жай программасынын катышуучуларына курулуп жаткан турак-жай үчүн ипотекалык насыя берүү аркылуу турак-жай программасын ишке ашырууга курулуш компанияларын тартуу болуп саналат.

“Бүгүнкү күндө башкы келишимдин алкагында “Керемет Банк” ААК өлкө базарында иштеп жаткан курулуш компаниялардын арасында аккредитациядан өткөрдү. Аккредитациянын жыйынтыгы боюнча “Фаворит Строй Групп” курулуш компаниясы тандалып алынды. “Фаворит Строй Групп” курулуш компаниясы Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 44 дарегинде жайгашкан 55 батирди курууну пландоодо”, - деп белгилешти банктан.

Курулуп жаткан турак жайга ипотекалык насыяларды артыкчылыктардын тизмесинен “Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча турак жай программасынын катышуучулары ала алышат.

“Насыянын шарты боюнча, ал жылдык 8% менен берилип, 25 жылга чейин төлөнүшү керек. Ошондой эле, турак жайга 20%дан кем эмес баштапкы төлөмдү төлөө керек. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн “Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча кезекте турган турак-жай программасынын катышуучулары “Керемет Банк” ААКсына кайрылса болот”,- деп билдирди банктан.

 

Тэги: новости Кыргызстана ГИК Керемет Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу