"Керемет банк" жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтөт

17.12.2020, 09:00 Акчабар
"Керемет банк" жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтөт

14-декабрда "Керемет банктын" акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча банктын акционерлери эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Анын курамына “Регистратор” ЖЧКнын көзкарандысыз каттоочусунун өкүлү Андрей Кузин, Болот Мамбеткадыров жана Алиходжа Атаходжаев кирет.

"Мындан тышкары, жыйында Керемет Банктын жүгүртүүдөгү жөнөкөй катталган акцияларынын санын, ошондой эле чыгарылган акцияларды жабык жайгаштыруу параметрлерин, тартибин жана шарттарын көбөйтүү чечими кабыл алынды. Компаниянын уставына өзгөртүүлөр киргизилди", - деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, буга чейин “Акчабар” порталы “Керемет банктын” акционерлери 14-декабрда баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен уставдык капиталды көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алат деп жазган. Чыгаруунун көлөмү көрсөтүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө банктын өздүк капиталы 5,9 миллиард сомду түзөт, бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.

Тэги: банк деньги уставный капитал Керемет Банк эконмика банковская система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу