Кесиптик билими жок психологдорду жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

27.05.2024, 14:50 Акчабар
Кесиптик билими жок психологдорду жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда тиешелүү кесиптик билими жок психологдорду жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Сыдыков менен Гүлшаркан Култаева.

Документтин негиздеме-маалымкатында кыргызстандыктар психологдордун кызматына көбүрөөк кайрыла баштаганы белгиленет. Алардын тизмесине гештальттерапия, гипнотерапия, психо-функционалдык ачуу жана башка инновациялык психологиялык кызмат көрсөтүүлөр кирери, алар адамдын психикасына оң да, терс да таасир этери жазылган. 

“Учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок курстар, тренингдер жана консультациялар сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөндөр көбөйгөнү байкалууда. Натыйжада, психологиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногу көп сандагы компетентсиз адистерге толуп кетти. Мындай кызматтарды көрсөткөн адамдар көбүнчө социалдык тармактарда жарнамаларды таратышат, ал жерде көбүнчө өспүрүмдөр жана жаштар квалификациясы жок адистерди табышууда. Алардан квалификациясы тууралуу документтерди талап кылбастан, алардын кызматына кайрылышууда”, - деп айтылат документте.

2024-жылдын 12-январындагы №14 “Кыргызстандагы жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө медициналык ишмердүүлүк менен алектенген менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ишке ашырылат.

“Психолог кызматын көрсөтүү жана психологиялык-терапевтик терапиянын ар кандай түрлөрү да медициналык кызмат болуп саналат. Ушул себептен улам, квалификациясы жок психологдордун кызматына кайрылган адамдын психологиялык жана психикалык саламаттыгына зыян келтирүү түрүндөгү орду толгус кесепеттерге жол бербөө максатында “Жарнак жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү сунушталууда”, - дешет демилгечилер. 

 

Тэги: психолог жарнама Психиатрия Мыйзам долбоору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу