KFW Кыргызстандагы фермерлерди каржылоо үчүн 10 млн евро грант берет

19.05.2023, 16:35 Акчабар
KFW Кыргызстандагы фермерлерди каржылоо үчүн 10 млн евро грант берет

Германиянын өнүктүрүү банкы (KFW) Кыргызстандын өкмөтүнө 10 миллион евро грант берет. Каражат фермерлерге насыя берүү үчүн долбоорго катышкан тандалган финансы институттарына багытталат.

Долбоор фермерлерге жана бизнеске улуттук валютада узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык кредиттерин алууга жардам берет.

Кошумчалай кетсек, Европа өнүктүрүү банкы 22 миллион евро кредит линиясын берет.

"Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Борбор Азия үчүн инвестициялык фонддон 5 миллион евро агрардык-финансылык секторду колдоо жана фермерлер менен агробизнестерге техникаларды жаңыртуу жана өз иштеринде заманбап технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн бөлүнөт", - деп билдирет Каржы министрлиги.

Тэги: новости Кыргызстана фермеры финансирование KfW грант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу