«Көгарт» чакан ГЭСи дээрлик 4 млн долларга курулат

31.05.2023, 09:40 Акчабар
«Көгарт» чакан ГЭСи дээрлик 4 млн долларга курулат

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду менен “Көгарт ГЭС” ЖЧКсынын ортосунда кичи ГЭСтин курулушун каржылоо боюнча 3,9 млн. доллар насыялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. 

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында кубаттуулугу 6,7 МВт болгон чакан ГЭСти куруу пландалууда. Жылдык орточо электр энергиясын иштеп чыгуу 20,1 млн кВт/саатты түзөт.

Долбоорду ишке ашыруунун артыкчылыктары:

  • Кыргызстанда чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү;
  • өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын жарым-жартылай жабуу; керектөөнүн өсүшү жана орун алган тартыштык долбоор тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясына туруктуу суроо-талапты камсыз кылат;
  • “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргызстандын мыйзамына ылайык электр энергиясын кепилденген сатып алуу;
  • аймактын экономикалык өнүгүүсү;
  • 11 жаңы жумуш орундарын түзүү.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу