Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жаңы комплексти курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.
Тендердин жалпы суммасы 43 миллион 202 миң сомду түзөт.
Бул акчага Баткен шаарында окуу-медициналык жана илимий комплекс куруу пландалып, подрядчыга бардык иштерди бүткөрүүгө 120 күн берилет.