Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы аймакты көрктөндүрүү жана сырткы дубалдарды оңдоо боюнча кызматтарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.
Тендердин жалпы суммасы 46 миллион 18 миң сомду түзөт.
Жалпысынан бул акчага аймакты жашылдандыруу, имараттарды оңдоо жана куруу иштерин жүргүзүү пландалууда.