Кыргызстанда чакан жана кичи ишканаларды каржылоонун болжолдуу тартыштыгы 1,4 миллиард долларга бааланат, бул өлкөнүн ИДПсынын 21% түзөт. Мындай маалыматтарды бул максаттарга 15 миллион доллар бөлгөн IFC корпорациясы берди.
Бизнес бул акчаны KICB аркылуу ала алат. Алсак, банк аз камсыз үй-бүлөлөргө турак жай микрокредиттерин көбүрөөк берип, ишкер аялдарды каржылай алат.
Ошол эле учурда KICB IFC тарабынан бөлүнгөн акчанын 70%ын алды, ал эми каржылоонун 30%ы микрофинансылык уюмдар арасында бөлүштүрүлөт.
Каржылоо KICBге IFCнин "Пирамиданын негизи" программасы аркылуу берилип жатат, ал каржылык кызмат көрсөтүүчүлөргө COVID-19 пандемиясынын операциялык жана финансылык таасиринен калыпка келүүгө жардам берүү үчүн чакан жана орто бизнести, формалдуу эмес бизнести жана аз камсыз болгон үй чарбаларын насыялоого жардам берет.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.