ЖАК «Кыргыз инвестициялык банкы» 5-чыгарылыштагы облигациялар боюнча пайыздык киреше жана негизги сумма төлөнгөндүгү жөнүндө жарыялайт. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат.
2-декабрга карата пайыздык киреше алууга жана облигацияларды сатып алууга укуктуу облигация ээлеринин тизмеси аныкталды.
«Башкы төлөм катары 8-декабрдагы облигациялардын төлөө мөөнөтү болуп эсептелинет. Пайыздарды төлөө жана облигациялардын ордун толтуруу алардын номиналдык наркы боюнча накталай жүзөгө ашырылат (1000 сом өлчөмүндө)», - деп банк тактайт.